image.jpg

Derginin Adı: MANAS Journal of Social Studies
Cilt: 2016/5
Sayı: 1
Makale Başlık: Казахстандын экспорт, экономикалык өсүш, импорт, валюта курстары жана бюджет дефицитинин байланышынын VAR-анализи
Makale Alternatif Dilde Başlık: INVESTIGATING WITH THE VAR ANALYSIS OF THE RELATIONSHIPS BETWEEN IMPORT, EXPORT, EXCHANGE RATE, ECONOMIC GROWTH AND BUDGET DEFICITS IN KAZAHSTAN
Makale Eklenme Tarihi: 24.03.2016
Okunma Sayısı: 1
Makale Özeti: Бул иштин максаты, Казакстандын экспорт, импорт, экономикалык өсүш, түз чет өлкө инвестициялары, акча базасы, валюта курстары жана мамлекеттик бюджеттин дефицити ортосунда себептүүлүк байланышын аныктоо үчүн VAR моделин (вектордук авторегрессия модели) түзүп, эконометрикалык ыкмалар жардамында анализдер жүргүзүп жыйынтык чыгаруу. Анализде колдонулган убакыт катарлары Казакстандын улуттук экономика Министрлигинин статистикалык комитетинен жана Улуттук банкынын интернет сайтынан алынган. 2005:1 – 2014:3 периоду аралыгындагы кварталдык берилиштер колдонулду. Анализде колдонулган өзгөрмөлөрдүн баары 2005-жыл=100 базалык болуп алынды, колдонулган өзгөрмөлөрдүн туруктуулугун текшерүү үчүн Кеңейтилген Дики–Фуллер (Augmented Dickey-Fuller) тести жасалды. Изилдөөнүн жыйынтыгында, кыска мөөнөт аралыгында Казакстандын экономикалык өсүшүндөгү (ИДП) өзгөрүүнүн басымдуу бөлүгү экспортко байланыштуу экени аныкталды. Ал эми экспорттун өзгөрүшү тенгенин рублге карата баасына, башкача айтканда валюта курсуна байланыштуу экени тастыкталды.
Alternatif Dilde Özet: The purpose of this paper is to analyze the causal relationship between economic growth, budget deficit, monetary base, exchange rate, import and export of Kazakhstan. In the analysis we used quarterly time series in 2005:1 – 2014:3 years. The data was obtained from the official site of the National Bank and the Statistical Committee of the Ministry of Economy of Kazakhstan. Temporary data have been investigated by means of an econometric model VAR (vector autoregression model). To test the stationarity of the time series was used ADF unit root test. VAR analysis results showed unilateral causal relationship between the export, economic growth and exchange rate in Kazakhstan.

PDF Formatında İndir

Download PDF