image.jpg

Derginin Adı: BUGU Dil ve Eğitim Dergisi
Cilt: 2023/4
Sayı: 4
Makale Başlık: КЫРГЫЗ ЭТНОНИМИНИН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ: АЛГЫР КУШ ЭЛИ I: КЫРГУ УҢГУСУ жана КЫРГЫДАЙ ЭТНОНИМИ
Makale Alternatif Dilde Başlık: Alternatif dilde başlık bulunmamaktadır. There is no article title in another language.)
Makale Eklenme Tarihi: 10.01.2024
Okunma Sayısı: 0
Makale Özeti: Түрк этнонимдери ичинде эң байыркы этноним катары эсептелген кыргыз этноними боюнча буга чейин көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп, ар түрдүү божомолдор айтылган. Азыркы тапта окумуштуулардын басымдуу бөлүгү аталган этноним кырк сан атоочунан жана +з көптүк мүчөсү куралып, кырк уруудан турган эл, кырк бөлүктөн куралган калк деген маани берет деген божомолду кабылдашат. Бирок бул божомолдун өтө олуттуу калпыстыктары бар. Мисалы, байыркы түрк этнонимикасында кырк сан атоочу менен жасалган этноним болбогон сыңары, үч карлук, он ок, тогуз огуз ж.б.у.с. сан атоочтор менен куралган этнонимдерде сан атоочтон сырткары атооч сөз да бар. Эң негизгиси кыргыз этнониминин Кытай булактарындагы байыркы кыркун/кыркур/кыркут/кыркуз формаларына морфологиялык талдоо жүргүзгөнүбүздө сөз уңгусу кырк сан атоочу эмес, кырку сөзү экендигине күбө болобуз. Ал эми кырку сөзү тарыхый түрк тилдеринде алгыр куш, бүркүт деген маани берет. Ушундан улам бул макалабызда кыргыз этнонимин келип чыгышы боюнча жаңы түшүндүрмөбүздү сунуштадык.
Alternatif Dilde Özet: Alternatif dilde abstract bulunmamaktadır. (There is no abstract in another language.)

PDF Formatında İndir

Download PDF